www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канат Исаев премьер-министр болобу?

Өкмөт күздө отставкага кете тургандыгы баарыбызга белгилүү болуп калды.

Өкмөттүн тагдыры апрель айында эле чечилген. Бирок президенттин кийлигишүүсү менен гана отставкага аут кетпей калып калышкан. Кадрлары эт эмес же чел эмес болуп, берилген ишти түзүгүрөөк аткара албай, арабөк абалда турган өкмөттүн кимге кереги бар. Экономикада жылыш нөл, ал ортодо бажасы капталдан чыга калып "бажа гейт" оюнун уюштуруп жиберди.

Кыскасы Абылгазиевге абдан кыйын болду. Өкмөттүн отставкасын күтүп олтурбай айрым билермандар министрлер кабинетин түзүп баштады.

Премьер-министрликке Канат Исаев келери, азыркы өкмөт башчы нары карап ыйлап, бери карап күлүп эсеп палатасынын төрагалыгына барары пландалууда.

Дагы бир чиновник "Чоң муштум" же "кара көлөш" ээси Нурбек Мурашев БШКнын төрагалыгына же Ош облусуна Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп барары тар чөйрөдө айтылууда.

Кыскасы кызыктар али алдыда. Кийинки өкмөт курамына чапанын сүйрөп чалдар келеби же тааныш-билиши күчтүү "элиталар" келеби, - дейт "Факты.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости