www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Купулга толбогон, элдин ишенимине ээ болбогон өкмөттү неге президент калкалап жатканын билүү максатында экс-вице-премьер-министр Камила Талиеваны кепке тарттык.

-Камила эже, неге президент парламентке келип, өкмөткө депутаттардан аванс алып берүүгө ашыкты? Ажо өзү  келбесе, өкмөт отставкага кетерин билип, ошол жагдайды алдын алууга аракет кылдыбы?

-Президенттин Жогорку Кеңешке  келип, Өкмөткө аванс суроосу өтө калпыстык болуп калды. Андан да зарыл болгон элдин жыргалчылыгы, элдин жашоосун жакшыртуу, мамлекеттин  коопсуздугу, чек ара көйгөйлөрү боюнча курч маселелерди чечпеген өкмөткө жан тартып, аны депутаттарды колдоого аргасыз кылбаса болмок.  Тескерисинче президент өкмөттү сынга алып, келечек программалар, радикалдуу реформалар боюнча маселени кабыргасынан коюп анан, Баш Мыйзамдагы укугунан чыкпай, иш кылууну талап кылса  жакшы болмок.

Чынын айтыш керек. Президент өкмөткө араачы түштү. Болбосо Өкмөт 2018- жылкы жалпы көрсөткүчтөр, ишинин начардыгы менен эле отставкага кетирүү коркунучу күн тартибинде турган иш  болчу.  Президент парламентке шашылыш келип, ошол жагдайды дагы  алдын алды окшойт. Ажонун мындай кадамын Жогорку Кеңештин алсыз абалынан түздөн- түз пайдалануу десек да болот.

-Мухамбедкалый Абылгазиевди президент неге калкалап жатат?

- Менимче, Президент аны өзүнүн командасындагы эң ишеничтүү адам катары эсептейт, Бирок, аны убакыт өзү тастыктайт. Абылгазиев бир аз убакыт мурда эле Атамбаевдин эң жакын кишиси болчу, бул « ишенимге кирүү» таланты боюнча эч ким бул кишиге жетпесе керек...

Аман болсок,   эртең кимдин «короосуна» кире качаарын көрөбүз. Буюрса, аны  убакыт көрсөтөт.

-Премьер –министрдин экономиканы көтөрүү боюнча дымактуу пландары ишке ашабы же көп убаданын бириндей болуп, кагаз жүзүндө гана калабы?

-Премьер – министрдин  отчетуна караганда дүйнөдөгү эң бактылуу мамлекетти куруп койгон Абылгазиевге бали, дегиң келет экен. Элдин реалдуу жашоосун жакындан билбей, чыныгы маалымат менен да камсыз болбой калганы ачык көрүнүп турат. Элге барбай, кабинетте аппарат даярдап берген Отчет менен эле жашап калган окшойт...? Сыртта экономикалык башка көрсөткүч, жөнөкөй мисал, элдин турмуш абалы жакшырып кеткен жок да. Дымактуу пландар, амбициялуу ойлор жакшы, бирок аны ишке ашыруу негизги маселе да. Казынада каржы жок, баарын калчаган акча  жок ишке ашпайт. Жумушчу орундар түзүлбөсө, элди жумуш менен камсыз кылбаса, кайдагы дымак..? Быйылкы жылы, мамлекетке келген инвестициянын деңгээли нөл болсо, кайсы дымак..?

Дүйнөлүк кризис бизди да муунтуп, өлкөнүн абалы көз көрүнөө эле экономикалык туңгуюкта турганда, мамлекетке ыкчам, цифраны чемичкедей чаккан, тыйындан тыйын туудура билген экономист- адис жетекчи керек, бүгүнкү күнү.

Андай адистер бар, уучубуз куру эмес. Маселен, аталган кызматка Темир Сариев, Акылбек Жапаров, Бабановдой , Келдибековдой адистер так ошол кызматка барса, , иш жүзүндө бир кардиналдуу өзгөрүүлөр, кагазда эмес, реалдуу жандануулар болмок...!

-Өкмөттүн оозун толтуруп берген отчёту Кыргызстандагы реалдуу турмушка караандайбы?

-Өкмөттүн ишин баалоо үчүн негизги көрсөткүч болгон, элге канча жумушчу орун түздү, элдин ишенимине татыдыбы,  социалдык көйгөйлөр жакшырдыбы,  деген эле  критерийлер менен баалап койсо болот. Региондор өнүксө өкмөттүн иши купулга толмок. Бүгүнкү күнү өкмөттүн берген отчёту кагаздагы эле « жомок жашоону» чагылдырып жатат. Анткени, реалдуу турмушта жашоо деңгээл башка. Элдин үнүн уккан эч ким жок, күч түзүмдөрүнүн баары, бүгүн карателдик органга айланып алды, ачык нааразычылык билдирген элди коркутуп- үркүтүү, кысымга алуу сыяктуу эски ыкмалар менен эле алек. Анан, кантип элге кам көргөн Өкмөт деп, атайбыз.

-Камила эже, Мухамбедкалый Абылгазиев мурунку премьер-министрлерден эмнеси менен өзгөчөлөндү?

-Эмнеси менен өзгөчөлөнөт эле, албетте, тил алчаактыгы менен өзгөчөлөндү деп ойлойм.

-Өкмөттүн алсыздыгынан элдин бийликке болгон ишеними азайды дегендер бар. Бул пикирге кошуласызбы?

- Элдин ишенимине кирүү үчүн а дегенде  кардиналдуу өзгөрүүлөргө батыл баруу керек. Ыкчам иштеп, ыкшоо болуп, бир жыл анализ менен отурдук, эми иштейбиз деп, Өкмөт башчы өзү айтып жатса, ага ким ишеним артат?

Элдин ишеними артты деп, элдин бүгүнкү жашоо деңгээлин билбеген киши гана айтса керек. Менимче элдин ишенимине ээ боло турган Өкмөт булар эмес...

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости