www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев атасынын жаңы сүрөтүн социалдык тармакка жарыялады.

Сүрөт тез эле интернетке тарап, колдонуучулар арасында активдүү талкууга жем таштады.

Көптөр УКМКнын башчысынын сырткы көрүнүшүндөгү өзгөрүүлөргө көңүл бурушту. Жарыяланган сүрөттө Камчыбек Ташиевдин сакалы өсүп, чачы айтарлыктай ак болуп калган.

Андан тышкары, соцтармак колдонуучулары анын көзгө көрүнүп арыктап калганын жана мурдагы коомчулукка чыккан сүрөттөрүнө караганда карып кеткендей көрүнгөнүн белгилешти.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев 2026-жылдын 10-февралында премьер-министрдин орун басары жана УКМКнын башчысы кызматынан кетирилген. Ал 17-февралда убактылуу Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен.

Последние новости