www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан чек ара тилкелеринде курал-жаракты колдонуу тартибин өзгөртүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы 11-ноябрда Оштун Чоң-Алай районунун Кара-Мык чек ара заставасында чек ара кызматкерлерине жаңы кызматтык батирлерди тапшыруу иш-чарасында айтты. Камчыбек Ташиев Кыргызстан бардык коңшу өлкөлөр менен чек арасын тактап бүткөнүн, мындан ары чек арада жаңжалдар болбойт деген үмүтү бар экенин кошумчалады.

“Мындан ары силердин колуңардагы оор курал-жарактар, оор техникалар колдонулбайт. Алардын баарын биз коңшулар менен сүйлөшүп, алып жатабыз. Силердин колдо жеңил гана курал-жарактар болот”, - деди ал.

Чоң-Алай районунун Кара-Мык чек ара тозотунда эки кабаттуу, 20 батирден турган турак жай комплекси курулуп, пайдаланууга берилди.

Последние новости