www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында кайрадан суракка чакырылганын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, сурак 10-апрелде болгон. Камчыбек Ташиев кандай статуста сурак бергени азырынча белгисиз.
Укук коргоо органдары азырынча расмий комментарий бере элек.
Эскерте кетсек, бул анын биринчи суракка алынышы эмес. Буга чейин атайын кызматтын мурдагы башчысы күбө катары суракка алынып, сурак болжол менен беш саатка созулган.
Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев өткөн аптада "Кыргызнефтегаздын" ишмердүүлүгүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча камакка алынган.