www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Индияда сөөк чучугун алмаштыруу операциясынан өткөн Дайырбек Маматкалыев менен кайрадан жолугушту. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Буга чейин маалым болгондой, химиотерапия курсун аяктаганына карабастан, курч лимфобласттык лейкозду толук дарылоо үчүн Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлеринин сунушу менен Дайырбек Индияда жилик чучугун алмаштырууга муктаж болгон. Бирок медициналык процедураларды каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу Дайырбектин ата-энеси 2022-жылдын декабрь айында УКМК төрагасы К.Ташиевге жардам сурап кайрылышкан.

Ташиевдин көрсөтмөсү менен 2022-жылдын 23-декабрында УКМК тарабынан Дайырбекти (жана анын ата-энесин) Фортис клиникасына (Индия) жөнөтүүгө, кароодон өтүүгө жана операциясын каржылоого көмөктөшкөн.

Ийгиликтүү операциядан кийин Дайырбек дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, андан соң анын ата-энесин К.Ташиев кайрадан кабыл алган жана Маматкалыевдин толук айыгып кетүүсүнө колдон келген жардамды көрсөтүүгө убадасын берген.

2023-жылдын 28-декабрында Д.Маматкалыев атасы менен кайрадан Индияга текшерүүдөн өтүү үчүн жөнөп кетишкен жана Бишкекке келгенден кийин Камчыбек Ташиевге жолугушуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жыйынтыгында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Д.Маматкалыевди жана анын атасын кабыл алды. Өз кезегинде Маматкалыевдин үй-бүлөсү Ташиевге көрсөтүлгөн материалдык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, Дайырбектин ден соолугу жакшы экендигин кошумчалады.

Ал эми Камчыбек Ташиев балага чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап, келечекте коопсуздук кызматкерлеринин катарын толуктайт деген ишенимин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости