www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматтарынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, бул чечим мамлекеттин кызыкчылыгын камсыз кылуу жана мамлекеттик башкарууда ырааттуулукту сактоо максатында кабыл алынган.

Кадрдык өзгөрүү коомчулукта жана эксперттик чөйрөдө кызуу талкуу жаратты. Айрым талдоочулар аны кадрдык саясаттагы кезектеги өзгөрүү катары баалашса, башкалары саясий күчтөрдүн ортосундагы тең салмактуулуктун кайра каралышы катары баалашууда. Ошондой эле, Ташиевдин кызматтан кетиши өлкөдөгү саясий процесстерге кандай таасир этери тууралуу ар кандай пикирлер айтылып, коомчулукта ал Кыргызстанга кайтып келбей калышы мүмкүн деген божомолдор да тараган.

Бүгүн саясат талдоочу Аркадий Дубнов Камчыбек Ташиев жүрөккө жасалган шунт операциясынан кийин медициналык кароодон өтүү үчүн Германиянын Мюнхен шаарындагы клиникада болгонун билдирип, ал болжол менен эртең кечке жуук Бишкекке кайтып келиши мүмкүн экенин айтты.

Журналист Нургазы Анаркулов NazarNews басылмасына комментарий берип, аталган маалыматты тастыктады.

-- Камчыбек Ташиев дарылануусу толук аягына чыкпаганына карабастан, кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга эртең менен келет.

Ошол эле учурда Камчыбек Ташиев тарапташтарына “эч ким мени тосуп алууга келбесин”- деген суранычын билдирди.

Эске салсак, буга чейин Камчыбек Ташиев Германияда дарыланып жаткан учурда кызматтан кеткендиги тууралуу кабарлар чыккан.

Последние новости