www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов социалдык баракчасына жазып чыкты.
Эске салсак, 10-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган.
Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Ошондой эле УКМКнын төрагасынын үч орун басары кызматтан алынды.
14-февралда УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын жетекчиси алмашты. Эльдар Жакыпбековдун ордуна Улан Бийбосунов дайындалды.
15-февралда Жакыпбеков кармалды.
16-февралда Салмоор Жумабеков УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын начальниги кызматынан бошотулду.