www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камбоджа менен Таиланддын ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жакында Малайзияда башталат, деп билдирди АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио X социалдык тармагында.

Анын айтымында, делегациялардын жолугушуусу жогорку деңгээлде өтөт. АКШнын Мамлекеттик департаментинин кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Малайзияда. АКШнын президенти Дональд Трамп да алардын жүрүшүнө көз салууда.

Белгилей кетсек, Таиланд менен Камбоджанын мамилелери 28-майда курчуп кеткен. Камбоджанын Преах Вихеар провинциясы менен Таиланддын Убон-Ратчахани провинциясынын ортосундагы талаштуу Пхонг аймагындагы Течо-Морокот кыштагында тай аскерлери Камбоджанын аскердик заставасын аткан.

Натыйжада, бир камбоджалык жоокер каза болуп, бир нечеси жаракат алган.

24-июлда Тамоантом, Тамоантух жана Такрабай храмдарынын айланасында кайрадан куралдуу кагылышуулар болгон.

Камбоджа аталган талаштуу аймактар боюнча маселени мыйзам чегинде чечүү максатында 2025-жылдын июнь айында Эл аралык сотко кайрылган. Таиланд болсо бул кадамга макул эместигин билдирген.

Мындан тышкары, 23-июлда чек арада мина жарылып, бир нече таиланддык жоокер жаракат алган. Эртеси, 24-июлда болгон атышуудан улам абал кескин начарлап, карапайым калк арасында курмандыктар болгон.

Последние новости