www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Садыр Жапаров Казакстандагы кырдаал жөнгө салына баштаганына көзү жетип, чыңалуудан бошой түшкөн нервдерин бекемдеп алганы өрүүгө чыкты окшойт», - деди бүгүн, 12-январда NazarNews маалымат агенттигине акын, журналист Калдарбек Койлубайтегин.

- Президенттин ЖККУнун жыйынына катышпай эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени туура болдубу?

- ЖККУнун онлайн чогулушу чынында эле диктаторлордун жыйыны болду. Кимисин караба ооздору демократиялык халва авторитарык режимдин кожойундары...

Экинчиден, учурдагы кырдаалга болгон көз караштар ар кыл чыгып калышы мүмкүн эле. Жапаров менен Пашиняндан башкаларынын баары советтик адамдар, бул экөө гана постсоветтик...

Бирок менин жеке ойумда, Жапаров Казакстандагы кырдаал жөнгө салына баштаганына көзү жетип, чыңалуудан бошой түшкөн нервдерин бекемдеп алганы өрүүгө чыкты окшойт.

Экинчи Жапаров деле айтчусун айтып койсо неге болбосун деди окшойт. Насилинде, туура-натуура деп чыбыкка бүтүм уруунун өзү туура эместей.

Экинчи жагынан диктаторлор «сениби, шашпа, бизди тоготподуң» дешип ичине кегин сактап калышы деле мүмкүн.

Эми бул саясат да... Ирилердин алдында бири болуп туруу керек деген да түшүнүк бар. Ким билсин, түшүнүк менен жашаган диктаторлордон ар нерсени күтсө болот.

Кызыгы, геосаясат жаатындагы оош-кыйыштардан улам тоосу ылдый кулап бараткандай туйулган Путин ички жалынын сыртка бүркпөйт чамасы. Анткени, ымалашуу, калп болсо да достошуу дегени артыгыраак экенин сезип жаткандай...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости