www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 23-февралында КАРИКОМ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Конференциясынын 50-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Сент-Винсент жана Гренадиндердин Премьер-министри Годвин Эллиот Лорейн Фрайдей менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Сент-Винсент жана Гренадиндер ортосунда ар кандай тармактардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кариб аймагынын өлкөлөрү арасындагы кызматташтыкты активдештирүү маселелери каралды.
Делегаттар ошондой эле эки өлкөнүн БУУ жана башка эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн кеңири талкуулашты. К.Турсункулов маектешине Кыргыз Республикасында акыркы жылдарда жүргүзүлгөн реформалар жана экономикалык жетишкендиктер жөнүндө маалымат берип, өлкөнүн эл аралык уюмдардагы демилгелери тууралуу баяндады. Ошондой эле ал Сент-Винсент жана Гренадиндердин Премьер-министрине Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке кайрылуусун жеткирди.
Өз кезегинде, Премьер-министр Г.Фрайдей Кыргыз Республикасы менен Кариб деңизинин өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелердин азыркы өнүгүү динамикасын кубаттап, өз өлкөсүнүн өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары чыңдоого даяр экенин билдирди.