www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каир шаарындагы «Аль-Иттихадия» президенттик сарайында президент Садыр Жапаровдун Египет Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи өттү.

Президент Садыр Жапаровду Египеттин президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси тосуп алды.

Саламдашуудан кийин Ардактуу кароол ротасынын жана аскердик оркестрдин коштоосунда эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Ардактуу кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берди.

Андан соң салтанаттын жүрүшүндө эки мамлекеттин делегация мүчөлөрүнүн расмий таанышуусу жана сүрөткө түшүү аземи болду.

Салтанат аяктагандан кийин делегация башчылары сүйлөшүү залына бет алышты.

Последние новости