www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги кафелердин биринин күзөтчүсү кафенин кардарын эс учунан тангыча сабап салган. Мына ушундай маанидеги маалымат Инстаграмм социалдык түйүнүндөгү @Black_list.kg тайпасына чыкты.

Маалыматта белгиленгендей, жабырлануучу жаңы үйлөнүп жаткан жигит болгон. Ал баш мээси чайкалып, тиши сынып ооруканага түшкөн. Аны борбор калаадагы «Империя пиццы» кафесинин бир күзөтчүсү сабаган.

Анда айтылгандай, үйлөнүү үлпөтүнөн кийин жаштар коомдук жайда өздөрүн тынчы жок алып жүрүшкөн. Мындан улам күзөтчү аларга тынчыраак болуусун катуу эскерткен. Буга көнгөн жаштар тынчтанып калышкан.

Кызыгы, үйлөнүп жаткан жаштар ортого түшүп бийлеп жаткан учурда күзөтчү сөгүнүп-сагынып басып келип үйлөнүп жаткан жигитти өзүнө чакырган. Күзөтчүнү тынчтандырууга аракет кылышкан, бирок, жыйынтыгы мушташка айланган. Мушташтан алган жаракатынан улам үйлөнүп жаткан жигит эс учун жоготкон. Кийин милиция кызматкерлери жана “Тез жардам” унаасы келген. Ал учурда күзөтчү белгисиз тарапка качып кеткени айтылат.

Бул маалымат боюнча ИИМ териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Азырынча расмий билдирүү бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости