www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай районунда өспүрүмдөрдүн кароосуз жана көзөмөлсүз калуусунун, ошондой эле аларды тилемчиликке тартуунун алдын алуу максатында «Тилемчи» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейд Кадамжай РИИБдин Үч-Коргон милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Чаувай, А.Масалиев жана Үч-Коргон айыл аймактарында жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынан келген, жаш балдары менен айылдарды кыдырып тилемчилик кылып жүргөн жарандар аныкталды.
Мындан тышкары, Ош облусунун Ноокат районунан жумуш издеп келген 14 өспүрүм аныкталып, алар менен Кадамжай райондук социалдык коргоо кызматкерлери биргеликте профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Укук бузууларга жол берген өспүрүмдөрдүн ата-энелерине карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 10 протокол түзүлдү.
Милициянын маалыматына ылайык, «Тилемчи» рейдинин негизги максаты — жашы жете электердин кароосуз жана көзөмөлсүз калуусуна, ошондой эле аларды тилемчиликке тартууга жол бербөө.