www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айыл аймагында сел кырсыктарынын алдын алуу максатында атайын иштер жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча мерчеминин алкагында Күлдү, Кудук жана Таза-Суу айылдарындагы сел өткөрүүчү сайлардын нугу тазаланууда.

Аталган иштер толук аяктагандан кийин 41 турак үй, 12 гектар огород жери, 2200 метр ички чарбалык жол, 500 метр ички чарбалык арык жана мечиттин имараты сел коркунучунан корголот.

ӨКМ мындай иш-чаралар калктуу конуштарды табигый кырсыктардын кесепеттеринен сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Последние новости