www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай сурма комбинатынын административдик имаратын сатыкка "Ош электр" ишканасы койду. "Ош электр" ишканасынын басма сөз катчысы Талгат Алихановдун билдиргени боюнча, имарат комбинаттын электр энергиясына карызы үчүн бир нече жыл мурун "Ош электрдин" карамагына өткөрүлгөн.
Комбинаттын административдик имараты ушуну менен экинчи ирет аукционго коюлууда. Имараттын жалпы аянты 627,52 чарчы метр. Башкы баасы 14, 689 млн сомго бааланган. Аукцион 27-февралда өтмөй болду.
Кадамжай сурма комбинатын 2005-жылы Казакстандын “АТФ инвест” аттуу компаниясы сатып алган. Казак ишкерлери комбинаттын 8 миллион долларлык карызын төлөөгө жана 11 миллион доллар инвестиция салууга убада беришкен. Бирок тескерисинче комбинаттын карыздары көбөйүп, Социалдык фондго карызы 32 миллион сом, "Ош электрге" 70 миллион сом, “Кыргызалтынга” 80 миллион сом карызы бар экени кабарланган.
75 жылдан бери иштеп келе жаткан Кадамжай сурма комбинаты Союз убагында дүйнөдө алдыңкы орундагы ишканалардын катарында турган.
Эске салсак, Кадамжайдын сурмасы 1967-жылы Лондондогу Эл аралык биржа тарабынан мыкты деп табылган.
Булак: NazarNews.kg