www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-ноябрда таңга жуук Израиль аскерлери  Хеврондогу (Аль-Халиль) палестиналыктардын 4 үйүн талкалады.

Anadolu  агенттигинин маалыматына караганда,  израилдик аскерлер Палестинага караштуу Хеврон шаарынын (Аль-Халиль) батышындагы Бейт-Кахель районуна таңга жуук кирип барып, бульдозерлер менен үйлөрдү сүрдүрүп салышкан.

Сүрдүрүлгөн үйлөр эки бир тууганга Касем менен Ахмед аль-Асафера жана алардын бөлөлөрү Нассир аль-Асафера менен Юсеф Захурга тиешелүү болгон.

Эскерте кетсек, Израиль бийлиги августтун башында Хеврондун түндүгүндөгү Гуш-Эцион кыштагында израилдик аскерди өлтүрдү деп 4 палестиналыкты күнөөлөшкөн.

Бул 4 үй сүрүлгөндөн кийин Израиль жана палестиналыктар дагы кагылышкан. Израиль армиясы нараазычылыкка чыккандарды таратуу үчүн кадимки жана желим окторду, көздөн жаш агызуучу газдарды пайдаланышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости