www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жумада Катардын борбор шаарын Израилдин F-35 учактары бомбалады. АКШнын 10 миңден ашуун аскердик базасы жайгашкан Доханын чабуулга учурашы Катар бийлигин таң калтырып, ошол эле кезде чочулатты.
Эң эле кызыгы, душмандын учактарын тикелей керосин менен камсыздап турган АКШнын Дохадагы аскердик базасынын учактары болду. Мындай ири масштабдагы Аль-Удейд аскердик базасы аркылуу Англия да Жакынкы Чыгышты көзөмөлдөп туру. Ушул үлкөн эки базага карабай Израил айбаат көрсөтүп, Хамастын саясий бюросунун жетекчилери жок кылынганын маалымдады.
Катар бийлиги үчүн түшүнүксүз болгону, 2011-жылы Сирияда граждандык согуш от алганда 2012-жылы Америка бийлиги Хамас уюмунун жетекчилерин Дохада жайгашуусун Катар Эмиринен суранган экен. Мындай кош стандарттуулукка түшүнбөй жатабыз дешти, баштарын чайкап.
Негизи эле маселе башкада. Өткөн айларда Катар Сирияга финансылык жардам көргөзүп, ошол эле кезде Түркия менен ар түрдүү келишимге даяр экендигин билдирген. Сирияны бөлүп, жарууга даярдап аткан Израил үчүн бул аракет кечирилгис. Ошон үчүн Хамастын лидерлерин шылтоолоп, Катарды бомбалап отурат. Бир эле Катар эмес жалпы, Арап дүнүйөсүнө маселенин маанилүүлүгүн туюнтту. Израилдин алдындагы эң чоң маселе азырынча Түркия. Анкара менен күч сынашуу Тел-Авивге эртелик кылууда.
Манас ОСМОН, эркин журналист