www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен үч саатка созулган жолугушуу өткөрдү. Анда Ирандын өзөктүк программасы жана аймактагы кырдаал талкууланды.
Трамп жолугушуудан кийин Иран менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл экенин белгилеп, мүмкүн болгон келишимди текшерип көрүү жакшыраак болорун айтты. Анын айтымында, азырынча конкреттүү жыйынтыкка жетишилген жок.
Израиль тарап болсо Иранга карата катуу чараларды, анын ичинде аскерий сокку урууну жактай турганын билдирүүдө. Бирок байкоочулардын маалыматына караганда, Израиль АКШны Иранга түз сокку урууга көндүрө албай, далбастап жатат.
Ошол эле учурда АКШ администрациясы Жакынкы Чыгыштагы аскерий даярдыгын күчөтүү мүмкүнчүлүгүн да караштырууда. Пентагон «USS George H.W. Bush» авианосецин даяр абалга келтирди. Бул кадам сүйлөшүүлөр менен катар кысым көрсөтүү механизми катары бааланууда.