www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиянын полициясы төрт пакистандык айыл чарба жумушчусунун өлүмүнө байланыштуу эки пакистандык жаранды кармады. Бул тууралуу шейшемби күнү Corriere della Sera басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, маркумдардын сөөгү Италиянын түштүгүндөгү Калабрия аймагындагы Амендолара кыштагынын жанындагы май куюучу жайдан табылган күйгөн кичи автобустун ичинен чыккан.

Көзөмөл камераларынын тасмаларында эки адам унаанын эшиктерин сыртынан бекитип, күйүүчү суюктук чачканы көрүнгөн. Андан соң унаа өрттөнүп, шектүүлөр окуя болгон жерден качып кетишкен.

Өрт өчүрүүчүлөр жалынды өчүргөндөн кийин унаанын ичинен төрт адамдын сөөгүн табышкан.

«Бул, албетте, адам өлтүрүү фактысы. Эми анын бардык жагдайларын тактоо керек», — деген жергиликтүү полиция башчысы Антонио Бореллинин сөзүн басылма келтирет.

Corriere della Sera гезитинин маалыматына караганда, акыркы айларда бул аймакта пакистандыктар колдонгон автоунаалар менен кичи автобустарды өрттөө боюнча 14 учур катталган. Мындай чыңалуу айыл чарба жумуштарын бөлүштүрүү, жашоого уруксат берүүчү документтер жана турак жай маселелеринен улам келип чыкканы айтылууда.

Последние новости