www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 11-июнда №207 «Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, Министрлер Кабинетине «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо үчүн Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштарды киргизүү тапшырылды.
Тактап айтканда, төмөнкү ишмердүүлүк түрлөрүн жүзөгө ашырган субъекттерди 5 жылдык мөөнөткө салыктарды төлөөдөн бошотуу сунушталууда:
– программалык камсыздоону жана маалыматтык системаларды, анын ичинде жасалма интеллектти иштеп чыгуу;
– интернет тармагында жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды, анын ичинде тексттик, графикалык, аудио жана видеоматериалдарды даярдоо, жайгаштыруу жана таратуу — блогерлердин ишмердүүлүгү;
– бизнес-процесстерди аралыктан аутсорсинг аркылуу аткаруу;
– инновациялык идеяларга же уникалдуу технологияларга негизделген стартаптар;
– кинофильмдерди, видео жана телеберүүлөрдү өндүрүү;
– Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу креативдүү жана чыгармачылык ишмердүүлүктүн башка түрлөрү.
Ошондой эле аталган субъекттер үчүн киреше салыгынын ставкасын 5 пайыз өлчөмүндө белгилөө сунушталууда.
Мындан тышкары, көрсөтүлгөн ишмердүүлүк түрлөрү үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы орточо айлык эмгек акынын 12 пайызы өлчөмүндө белгиленет.
Ошондой эле сауна жана мончо кызматтарын көрсөткөн субъекттер үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын 5 пайыз өлчөмүндө белгилөө сунушталууда.
Коомдук тамактануу тармагындагы субъекттер үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
– Бишкек жана Ош шаарларында — 5 пайыз;
– Кыргызстандын калган аймактарында — 3 пайыз.
Турак жай жана турак жай эмес жайларды алгачкы жолу сатууну жүзөгө ашырган субъекттер үчүн төлөмдүн түрүнө карабастан бирдиктүү салыктын ставкасын 4 пайыз өлчөмүндө белгилөө сунушталууда.
Жарлыкта ошондой эле төмөнкү чаралар каралган:
– 2026-жыл үчүн салык милдеттенмелери автоматтык түрдө эсептелип чыкканда пайда болгон кыймылсыз мүлк салыгы боюнча туумдарды эсептебөө;
– бирдиктүү салык режиминдеги салык төлөөчүлөргө 2026-жылдын 1-октябрына чейин жалпы салык режимине ыктыярдуу түрдө өтүү укугун берүү;
– кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан кийин Баткен облусунун тургундарына акысыз өткөрүп берүү үчүн бюджеттик каражаттардын эсебинен турак жай курган компаниялардын салыктык карыздарын эсептен чыгаруу;
– ишкерлерге 2025-жылдын 1-апрелине чейин салык органынын маалыматтык системасына негизсиз киргизилип калган товарлар боюнча маалыматтарды баштапкы эсептик документтерсиз тактоого мүмкүндүк берүү;
– алтын жана күмүш боюнча тоо-кен казып алуучу жана тоо-кен кайра иштетүүчү ишканалар үчүн эл аралык товардык биржалардагы бааларды эске алуу менен киреше салыгынын жогорулатылган ставкаларын белгилөө;
– ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тиешелүү документтери жок Кыргызстандын чек арасы аркылуу мыйзамсыз ташылып келген товарлар үчүн алардын наркына жараша айырмаланган айып пулдарды киргизүү.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-сентябрындагы №304 «Контрабандага жана товарлардын эсепке алынбаган ташылып келүүсүнө каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизилет. Ага ылайык, транспорт каражаттарын конфискациялоо жөнүндөгү нормадан ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон соодадагы товарлардын эсепке алынбаган ташылып келиши тууралуу жобо алынып салынат.
Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.