www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Испания Америкага эшигин жапты

АКШ менен Израилдин Иранга каршы аба соккулары күчөгөн шартта Испания Американын аскердик учактарына Рота жана Морон базаларында май куюу операцияларын жүргүзүүгө уруксат берүүдөн баш тартты. Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблес “Мадрид эч кандай жардам көрсөтпөйт” деп билдирип, чечим эл аралык укукка байланыштуу позицияга негизделгенин айтты.

Учуу багыттарын көзөмөлдөөчү маалыматтарга ылайык, АКШнын тогуз KC-135 Stratotanker май куюучу учагы Испания аймагынан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бул учактар АКШнын аба күчтөрүнүн операциялык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө маанилүү роль ойнойт.

Ал эми Германия бул учактарды Рамштайн авиабазасында кабыл алды. Натыйжада АКШ күчтөрү май куюу миссияларын үзгүлтүксүз улантууга шарт түзүлдү.

Бул окуя НАТО ичиндеги саясий көз караштардын кагылышын айгинеледи. Испания деэскалация жана дипломатиялык жолду артык көрөрүн билдирсе, Германия союздаштык милдеттенмелерге көбүрөөк басым жасоодо.

Последние новости