www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ислам НАТОсу

Үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Сауд Арабия, Түркия жана Пакистан өз ара коргонуу деп аталган Мекке келишимине кол коюшту. Ал эми 26-июль күнү Анкарада НАТО саммити өтүп, ага Доналд Трамп да келген.

Эрдоганды сыйлап атайын келгенин, болбосо, келүүгө таптакыр ою жок экенин билдирип, Италиянын башбаканы Жоржа Мелониге таарынычын айткан. Түрк басылмалары маалымдагандай, Мелони айым Эрдоганды ортомчу коюп, Трамп менен мамилесин оңдогонго аракет кылган имиш. Ошол Анкарадагы НАТО саммитинен кийин Жакынкы Чыгыштын лидер өлкөсү Түркия, ядролук куралы бар Пакистан жана дүйнөдөгү эң бай делген Сауд Арабия Мекке келишимин түзүштү. Эми ушул үчилтиктин бирөөсүнө кимдир бирөө кол сала турган болсо, үчөөнө тең кол салган болот.

Бул НАТОнун биргелешип коргонуусун аныктаган  5-пункутунун накта көчүрмөсү. Бирок, тараптар биздин достугубуз ошол эле кезде деңизден ташылуучу жүктөрдүн коопсуздугун камсыздап, импорт менен экспортту өстүрүп, экономиканын туруктуулугун жаратат деп маалымдашты.

Мекке келишими Иран АКШны Жакынкы Чыгышта талкалап, Ормуз кысыгына чоочун кожоюндарды жолотпой жаткандан кийин түзүлүүдө. Бул айрым душман өлкөлөрдү шек саноого түрттү. Алар Ирандагы молдолор режимин кулатууга багытталган аракет катары баалап жатышат.

Түзүлгөн ар бир альянс кеңейүүнү максаттайт эмеспи. Эгер катарына  Хусилер көзөмөлдөгөн Йемен, Иран жана Израил бомбалап жаткан Палестина дагы мүчө болсо, анда бул чынында 150 жылдан бери от күйгөн аймактын тынчылыгы. Болбосо, күйгөн оттун кайрадан тутанышы демектир. 

Ошентип, Жакынкы Чыгышта Ислам НАТОсу курулду. Бул кимдин кайырына, кимдин зарарына аны турмуш көрсөтөт.

Манас Осмон

Последние новости

Ислам НАТОсу
Ислам НАТОсу
3613
11.08.2026 15:34