www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-депутат Исхак Масалиев ачкачылык жарыялаган камактагы Жеңиш Молдокматовга кайрылуу жасап, Facebook баракчасына билдирүү калтырды.
“Жеңиш иним, ачкачылыкты жарыялап чындык үчүн күрөшүп турасын. Өткөн жылы, октябрь айында борбордук аянтта эл чогулуп, шайлоонун жыйынтыгына каршылык көрсөткөн. Натыйжада бир топ бийликке келди. Алар башкарууда. Иним, ачкачылыкты токтоткун деп суранам, буларың түшүнбөйт. Сен жашсын, келечегиң бар, башка жол менен аракеттерди жүргүзсө болот. Кылган аракеттерин Ак. Жамандык ээсине кайтат. Ага катары кайрыламын Жеңиш”, – деп жазган ал.
Эске салсак, оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматов 27-июлда ачкачылык жарыялаган. Молдокматов Ички иштер министрлиги тарабынан 6-майда кармалган. Молдокматовго өткөн жылдын октябрь окуяларында “УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган” деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, “октябрь окуяларында башаламандык уюштурган” деген кине коюлган. Биринчи май райондук соту Молдокматовду 6-сентябрга чейин камакта калтырган.
Булак: NazarNews.kg