www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев 10-майдагы сессияда ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик макамды алууну сунуштады. Депутаттын пикиринде, Кытайдан алынган акчанын максатсыз пайдаланылышына экс-президенттин түздөн-түз тиешеси бар.

И. Масалиев өзүнүн сунушун мындай фактылар менен далилдеди: “Акыркы күндөрү бизге маалымат жетти. 2013-жылдын май айында модернизация боюнча президенттик аппараттын эки бөлүмүнүн башчылары Сапар Исаков менен Айсулуу Ахмедова президенттин атына кызматтык кат жөнөткөн. 390 миллион доллар кредит алуу керек деп. Президент түзмө-түз каржы жана энергетика министрлерине аны аткаруу тууралуу тапшырма берип жатат. Бул чоң ката. Кыргызстанда жаш баладан тартып улгайгандарга чейин ушунча көлөмдөгү кредит президентсиз чечилбей турганын билишет. Бирок Конституцияда президенттин андай укугу жок. Министрлерге буйрук бере турган укугу болгон эмес. Бул жерде президент өз укугунан ашып түшкөн. Президент өзү буйрук берип атса, кайсы министр каршы пикир айта алат? Кантип талкуулайт? Баарыбыз билебиз эч ким сөз да айта албайт. Айрыкча бул «эл аралык мамилеге таасир берет, Кытай менен достук бузулат» дегенден кийин баарыбыздын тилибиз кыска болуп калат. Буга президенттин аралашканы, буйрук бергенинен кылмыштын белгиси көрүнүп турат. Узурпация деген сөз бар. Өзүнүн кызматына ылайыктуу эмес укуктарды өзүнө алып алуу деп эсептелинет. Ошол боюнча тиешелүү органдар карап чыкса, кызык нерселер табылышы мүмкүн. Корутундуда бир топ аттар жазылып турат. Мамлекеттик кызматкерлер, депутаттардын фамилиялары жүрөт. Мен мурдагы президент Атамбаев Алмаз Шаршеновичтен кол тийбестикти алуу тууралуу сунуш берем. Ал киши мыйзам алдында «баары тең» деп бир топ жолу айткан. Керек болсо «мен да жооп берем» деген. Биз укук коргоо органдарына мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Ак болсо ак, кара болсо жоопко тартылышы керек. Башатын тапсак, төрдө отурган премьер-министрлердин баары «бизге буйрук берген эле, унчукпай койгонбуз» деп айтышат. Алты жылда жети премьер болсо алардын кайсынысынан сурайбыз? Негизи туура эмес кадам менен кетип баратабыз. Менин сунушум, мурунку президенттин кол тийбестигин алуу керек.

Бирок Парламенттеги ЖЭБ маселесин талкуулаган жыйынына катышып отурган экс-премьер-министр С. Исаков депутат И. Масалиевдин бул айткандарын жалаа деп атады. Анын пикиринде, А. Атамбаев ЖЭБди модернизацилоо боюнча кытайлык ТВЕА компаниясы менен келишим түзүүгө түздөн-түз буйрук берген эмес, болгону сунуш айткан. Ошол эле учурда депутаттар Ж. Акаев, Т. Мамытов жана башкалар эч кайсы министр же башкалар ошол учурда президенттин пикирине каршы чыга албастыгын билдиришти. Демек, эски бийликтин тушундагы чиновниктер биргелешкен коррупциялык схеманын аткаруучулары болушкан. Андыктан бул коррупциянын башы болгон экс-президент А. Атамбаевдин статусу алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы бышып калды окшойт…

Булак: Жаңы ОРДО

 

 

Последние новости