www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Аманжолов Ишенбек Аманжолович М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театрынын көркөм жетекчиси кызмат ордуна дайындалды. Ал 2026-жылдын 10-мартынан тартып 3 айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишиминин негизинде иш алып барат.

Ишенбек Аманжолов 1994-жылдын 10-сентябрында Нарын облусунда төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Ал Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде бакалавр даражасын алган. Андан соң Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде билим алып, Россия Федерациясындагы ГИТИСте магистратура багыты боюнча окуусун уланткан.

Эмгек жолунда театр искусствосунда актерлук жана режиссерлук ишмердүүлүк менен алектенип келет. 2019–2023-жылдары Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрында артист болуп эмгектенген. 2025-жылдан тартып К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театрында режиссер болуп иштеп келет.

Ал бир катар спектаклдерди сахналаштырган. Алардын катарына “Эрте жаздагы турналар” (2022), “Кыямат” (2024), “Каргыш” (2025) жана “Туздуу чөл” (2026) спектаклдери кирет.

Последние новости