www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№1 тергөө абагында отурган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 колонияга, дагы бир экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги №47 колонияга, ал эми «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулду. бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.  Алар аталган колонияларга 23-апрелде жеткирилгенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлаган.

22-апрелде ЖАМКтын атайын комиссиясы соттолгон 86 адамдын жазасын өтөө жайын аныктоо боюнча жыйын өткөргөн. Алардын ичинде жогоруда аты аталган мурдагы аткаминерлер да бар болчу. «№1 тергөө абагында камакта отургандар көп. Андан тышкары абакта отургандар да көптөн бери которула элек болчу. Азыр убактылуу кармоо жайларында да киши толуп калды. Аларды болсо тергөө абагына киргизиш керек», - деди ЖАМКтын басма сөз катчысы Самат Калыков.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту борбор калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупцияга жол берилген деген негизде Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. Авазов 11 жыл 3 айга, Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынган.

Бишкек шаардык соту 2020-жылдын март айында Свердлов райондук сотунун бул өкүмүн күчүндө калтырган. Соттолуучулар коюлган айыптар далилсиз экенин айтып жүрүшөт. 22-апрелде Исаковдун адвокаттары аны колонияга которуу мыйзамсыз экенин билдирип чыгышкан. Муну ага карата козголгон дагы бир иш боюнча өкүм чыга элек экендиги менен негиздешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости