www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп аткарылбаган убадаларынан улам пайда болгон ички жана эл аралык саясий басымды жеңүү максатында Иранга сокку жасаганын эксперттер айтышууда. 

Алсак, Дональд Трамп 2024-жылдагы президенттик шайлоодо тынчтык орнотуучу катары имидж жараткан. Бирок баары тескери чыкты. 

Трамптын тариф саясаты инфляцияны күчөтүп, өндүрүштү кайра жанданткан убадалары ишке ашкан жок. Орточо америкалык үй-бүлөнүн жылдык чыгымы болжол менен 1 миң долларга өстү. Электр жана газ баалары өсүп, ипотека насыяларынын үстөгүлүгү кымбаттап, жаштар үчүн үй сатып алуу кыйын болду.

Социалдык убадалар да аткарылбай калды. Официанттар жана пенсиячылар үчүн салыктар азайтылган жок. Мыйзамсыз мигранттарды массалык депортациялоо программасы жарым-жартылай гана ишке ашты. “24 саатта Украинага тынчтык” убадалары ара жолду калды.

Мамлекеттик кызматкерлерди саясий дайындоочулар категориясына өткөрүү аракеттери соттордун жана профсоюздардын каршылыгына учурады. Натыйжада бюрократиялык боштук пайда болуп, көптөгөн позицияларды мурдагы кызматкерлерге кайтарууга туура келди.

Натыйжада, ал өзүнүн стратегиясын күчтөндүрүү үчүн эл аралык аренада агрессивдүү кадамдарга барууда. Бирок кесепети оор болууда. Эгер Иран ийилсе, БАЭ жана башка араб өлкөлөрү Вашингтондун таасиринде иштейт. Ал эми Россия менен Кытайдын позициясы алсыздайт. Эгер Иран туруштук берсе, Трамптын имиджи соккуга учурайт. Андыктан бул согуш Трамптын саясий тагдырын кескин өзгөртүшү мүмкүн.

Последние новости