www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын борбору Тегеранда соңку күндөрү абал чыңалып, коомдо тынчсыздануу күч алды. Студенттердин нааразылык акциялары экинчи күн катары менен уланууда.

Батыш маалымат каражаттары, анын ичинде Financial Times басылмасы жергиликтүү тургундарга таянып жазгандай, АКШ президенти Donald Trump тарабынан Иранга карата айтылган коркутууларга коштой ири нааразычылык акцияларынын тутанышы жана ыктымал аскерий операция тууралуу сөздөр борбор калаада коркунуч сезимин арттырды.

Шаар тургундары кооптонушуп, азык-түлүк жана дары-дармек камдоого өтүшкөн. Дарыканаларда тынчтандыруучу жана кан басымын түшүрүүчү каражаттарга суроо-талап өскөнү айтылууда. Акыркы күндөрү болгон катуу күн күркүрөө да айрымдар тарабынан аскерий чабуул башталды деп кабыл алынып, эл дүрбөлөңгө түшкөн. 1979-жылдагы Ислам революциясынын жылдыгына арналган фейерверктер да ушундай эле кооптонуу жараткан.

Маалыматтарга караганда, АКШ Иранга сокку урууга даярдыгын күчөтүп, Жакынкы Чыгыштагы аскердик күчтөрүн топтоодо. Айрым басылмалар, анын ичинде CBS News, жакынкы күндөрү сокку болушу мүмкүн экенин жазышууда. Ал эми Axios айрым сценарийлерде Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи жана анын уулу Моджтабе Хаменеи бутага алынышы ыктымал экенин белгилеген

Последние новости