www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда бензиндин баасы эки эсеге көтөрүлдү

Ирандын бийлиги жеңилдиктерге кирбеген бензиндин баасын эки эсеге көтөрдү. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн Мунай министрлигине шилтеме берип билдирди.

«8-сентябрдан тарта үчүнчү тариф боюнча бензиндин бир литринин баасы 10 миң туман (100 миң риал же болжол менен 4–5 АКШ центи) болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, биринчи жана экинчи тарифтердин баасы өзгөрүүсүз калды — тиешелүүлүгүнө жараша 1500 жана 3000 туман. Үчүнчү тариф — бул күйүүчү май картасындагы алгачкы эки тариф боюнча белгиленген лимит түгөнгөндөн кийин колдонулуучу ашыкча лимит тарифи.

24-августта РУДНдин экономика факультетинин жана Орусиянын Өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин социалдык илимдер жана массалык коммуникациялар факультетинин окутуучусу Фархад Ибрагимов АКШнын экономикалык басымына жооп катары Иран Ормуз кысыгын жабышы мүмкүн экенин билдирген. Бул кысык аркылуу Ирандан тышкары Ирак, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Кувейт да мунай экспорттойт.

Анын айтымында, мунайдын кымбатташы АКШга да таасир этет. Конгресске шайлоонун алдында бензиндин баасынын анча-мынча өсүшү да Республикалык партиянын рейтингине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Буга чейин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Brent мунайынын баасы кескин өскөн.

Последние новости