www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарын ири иш-чараларга даярдоого кеткен чыгымдардын так эсеп-чоту чыгарылып, баалардын жогорулатылып көрсөтүлүшү боюнча маалыматтар толук иликтенет. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда борбор калаада өткөн ири иш-чараларга карата аткарылган иштердин жана жумшалган каржылык чыгымдардын деталдуу эсеби чыгарылууда. Бардык эсептөөлөр аяктаган соң бааларды негизсиз ашырууга жол берилген-берилбегени толук такталат.

Калаа башчысы эгер айрым жагдайлар боюнча муниципалитеттин ыйгарым укуктары жетпесе, иш тиешелүү инстанцияларга өткөрүлөрүн баса белгиледи.

“Биз азыр баарынын эсеп-чотун чыгарып жатабыз. Баалар ашырылган эмеспи, баарын тактайбыз. Эгерде мэриянын компетенциясы жетпей турган жагдайлар болсо, материалдардын баарын укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз”, — деди Жунушалиев.

Мэр шаарды даярдоого кеткен чыгымдар боюнча бардык жыйынтыктар чыгарылгандан кийин коомчулукка толук жана ачык маалымат берилерин кошумчалады.

Последние новости