www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран Жакынкы Чыгыш аймагында коопсуздук жана аскердик кызматташтык боюнча мамлекеттер союзун түзүү демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирүү таратты.
Анда айтылгандай, сунушталып жаткан союз аймактагы мамлекеттердин өз ара коопсуздугун камсыздоого багытталып, ага АКШ жана Израиль катышпоосу керектиги белгиленген.
Иран тарап мындай форматтагы кызматташтык региондогу коопсуздук маселелерин жергиликтүү мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү аркылуу чечүүгө мүмкүндүк берерин билдирүүдө.
Азырынча бул демилгеге Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөрдүн расмий реакциясы тууралуу маалыматтар жарыялана элек. Серепчилердин баамында, мындай сунуш аймактагы геосаясий процесстерге таасир эткен жаңы талкууларды жаратышы мүмкүн