www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран Ормуз кысыгын жапты, эми эмне болот?

Ормуз кысыгы Иранды, Амманды жана Бириккен Араб Эмираттарын камтыган 33 километрдик аймак. Бул кысыктан күн сайын 17 млн баррель нефти ташылып, жалпы дүйнөлүк нефтинин 20 пайызын түзөт. Мына ушул нефтилер Иран, Ирак, Бахрейн, Сауд Арабия, Катар, Кувейт жана БАЭ баш болгон 8 өлкөдөн Ормуз кысыгы аркылуу дүнүйөгө тарайт.

Расмий Тегеран Америка менен Израил өзүнө кол салгандан кийин Ормуз кысыгын жапты. Кечээ өтүүгө аракет кылган бир танкерге да сокку урду. 

Мындай абал Индиянын, Жапониянын, Кытайдын, Пакистандын, Италиянын, Франциянын, Англиянын жана башка Европа өлкөлөрүнүн экономикасын муунтмак болуп туру. Маселен: Ирак менен Сауд Арабия Индиянын 60 пайыз нефти керектөөсүн камсыздап берет. Ошондой эле Кытай күн сайын 10 млн баррель нефтини Ормуз кысыгы аркылуу ташыйт. Жапония менен Пакистан 90 пайыз нефтини Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнөн экспорттойт. 

Ормуз кысыгындагы транспорттук каттамдын тыйылышы менен дүйнөлүк рыноктун баасы кымбатташы күтүлүүдө. Буга бензин, энергетика, азык түлүк жана күндөлүк керектелүүчү заттардын баары кирет. Абал турукташпаса, завод, фабрикалар жабылышы мүмкүн экендиги айтылууда. 

Мындайда, нефти экспорттоочу өлкөлөр да чоң зыянга учурайт. Маселен, Сауд Арабия нефтисинин 90 пайызын Ормуз кысыгы аркылуу, калган 10 пайызын Кызыл Деңиздин жээги менен ташыйт. Лекин, дүйнө турмушу нефтиге көз каранды болуп турганда экономикалык кризис тездик менен чуркап келаткандай сезилүүдө.

Манас Осмон, журналист 

Последние новости