www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы Чыгыштагы саясий оюндардын борборунда эки держава турат. Бири Иран, экинчиси Сауд Арабиясы. Бул өлкөлөр аймактагы эң таасирдүү, энергия рыногунда чечүүчү рол ойногон өлкөлөр болуп эсептелет. Бирок алардын саясий системасы, дин башкаруусу жана экономикасы таптакыр айырмаланып турат.

Иранда 88 миллионго жакын адам жашайт. Өлкө көп улуттуу жана көп тилдүү. Ал эми Сауд Арабиясында 36 миллион калк бар, көбү чет өлкөлүк жумушчулар. Географиялык жагынан Сауд Арабиясы чоң, негизинен чөлдөр менен капталган. Ал эми Иран тоолор, түздүктөр жана деңиз жээктери бар, көп катмарлуу, жайгашкан аймагы стратегиялык жерге ээ. 

Саясий түзүмдөрүндөгү айырмалачылыкты айта турган болсок, Иран Жогорку лидер чоң күчкө ээ. Сауд Арабиясында абсолюттук монархиялык түзүм өкүм сүрөт. Бийлик толугу менен падышалык үй-бүлөнүн колунда. Дин дагы маанилүү фактор. Иранда шииттер үстөмдүк кылса, Саудовская Аравиянын калкы сунниттер жана исламдын эки эң ыйык шаары болгон Мекке менен Медина жайгашкан.

Экономикалык күч да эки өлкөнүн стратегиясын аныктайт. Сауд Арабиясы дүйнөдөгү ири мунай экспорттоочулардын бири катары белгилүү. Экономика мунайга толук көз каранды. Иран да мунай менен газга бай. Бирок эл аралык санкциялардан экономика көп жабыр тартып, эркиндикке ээ эмес. Саудовская Аравия ИДӨнү жогорулатып, экономиканы диверсификациялоого инвестиция салууда, ал эми Иран өнөр жайлык базага жана билимдүү жумушчу күчкө ээ болгону менен инфляция жана санкциялар менен күрөшүп келет.

Демек, келечекте алардын стратегиялары дүйнөлүк энергия рыногуна, дипломатиялык баланс жана аймактык коопсуздукка чоң таасир эте берет.

Последние новости