www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирияга ата-энелери тарабынан, алып кетилген бойго жете элек балдар Кыргызстанга алынып келинет. Жакын арада Бишкектен Багдадга 17 адамдан турган ведомстволор аралык топ жөнөйт. Алар ушул маселенин үстүндө иштеп жатышат. Учурда Ирактын түрмөлөрүндө 55 аял жана 78 кыргызстандык бойго жете элек бала кармалууда. Алар Сириядагы жарандык согушта ислам мамлекети террористтик уюмунун катарында согуш жүргүзгөн согушкерлердин аялдары жана балдары.

Аталган ведомстволор аралык комиссия Ирак жана Сириядагы кыргызстандыктардын так санын аныктап, тизмектеп чыгышы керек. УКМКнын маалыматы боюнча алардын саны 850ү түзөт жана анын 150 каза болгон. Расмий эмес маалыматтар боюнча согуш талаасына кеткен согушкерлердин саны кыйла жогору болушу мүмкүн. Учурда согушкерлердин балдары мекенине кайтарылса аларды жакындары асырап алууга даяр. Ал эми ар бир наристе үчүн Кыргыз өкмөтү Иракка 400 доллар айып берүүгө муктаж. Ирак соту кыргызстандык балдар боюнча ишти октябрь айынын орто ченинде кароого даяр экендиги маалым болду. Балдардын ата-энелери боюнча азыр маселе чечиле элек.

Бирок, канткен учурда дагы Кыргызстан согушка катышып, оор кылмышка катыштыгы бар кыргызстандык согушкерлерди кайра артка кайтарып алуусу күмөн. Анын үстүнө  ага коом дагы  даяр эмес.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости