www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда санариптик технологияларды колдонуп алдамчылык кылган адамдарга карата жазаны күчөтүү сунушталууда.

Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.

Мыйзам долбоорунда Кылмыш-жаза кодексине «Алдамчылык жасоо үчүн санариптик инфраструктураны түзүү же пайдалануу» деген жаңы берене киргизүү сунушталууда.

Долбоорго ылайык, алдамчылык жасоо үчүн интернет-ресурс, программа, call-борбор же башка санариптик инфраструктураны түзгөн, саткан же пайдаланган адамдарга 2 миң эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салуу же үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.

Ал эми өзгөчө оор кесепеттерге алып келген учурларда жаза мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга чейин эркинен ажыратууга жетиши мүмкүн.

Мындан тышкары, SIM-карталар менен катар банктык эсептерди, электрондук капчыктарды, жарнамалык кабинеттерди жана санариптик платформалардагы аккаунттарды үчүнчү жактарга атайылап берүү үчүн жоопкерчиликти кеңейтүү сунушталууда.

Мыйзам долбоорунда алдамчылык тобокелдиги жогору болгон жарнамаларга да талаптарды күчөтүү каралган.

Алардын катарына чет өлкөдөн автоунаа жеткирүү, жумушка орноштуруу, виза алуу, курулуш, инвестиция, криптоактивдер, насыя, утуш жана компенсация боюнча жарнамалар кирет.

Мындай жарнамаларды жайгаштырууда жарнама берүүчүнүн ИННи, лицензиясы, мамлекеттик каттоосу жана ишмердүүлүгүнүн укуктук негиздери текшерилиши керектиги сунушталууда.

Белгилей кетсек, бул чаралар азырынча мыйзам долбоорунда сунушталган нормалар болуп саналат.

Последние новости