www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезиянын Сулавеси аралынан табылган торчо питон Гиннестин рекорддор китебине дүйнөдөгү эң узун жылан катары катталды. Бул тууралуу чет элдик сайттар жазып чыкты. 

Жыландын узундугу 7,22 метрди, салмагы 96,5 килограммды түзөт. Адистердин айтымында, анын узундугу болжол менен 7,9 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Бул питон 2025-жылдын аягында Сулавеси аралындагы Марос районунда жаратылышты коргоо кызматкерлери тарабынан табылган. Ага “Баронесса” деген ат берилген. Учурда жергиликтүү адис Буди Пурванто аны багып жатат.

Торчо питон Азияда кездешкен уулуу эмес жыландардын түрүнө кирет. Ал маймылдар, кемирүүчүлөр, канаттуулар жана башка сойлоп жүрүүчүлөр менен азыктанат.

Эске салсак, буга чейин АКШда 90 жаштагы мугалим 67 жылдык эмгек жолу менен рекорд койгону тууралуу кабарланган.

Последние новости