www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Мадхья-Прадеш штатында диний майрам учурунда болгон кырсыктан кеминде 11 адам, негизинен жаш өспүрүмдөр, сууга чөгүп каза болушту. Бул тууралуу The Times of India басылмасы таянып БЕЛТА жазып чыкты.

Окуя Кхандва округунда болгон. Басылманын маалыматына ылайык, зыяратчыларды ташып бараткан трактордун арткы прицепи оодарылып, суу сактагычка түшүп кеткен. Ошол учурда анын ичинде болжол менен 25 адам болгон. Айрымдары сууга секиргенден кийин жээкке жетүүгө үлгүрүшкөн, бирок 11 адамды куткарып калуу мүмкүн болгон эмес.

Окуядан дагы үч адам жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Анын биринин абалы оор экени айтылууда, калган экөөнүн өмүрүнө коркунуч жок.

Кырсык болгон жерге полиция, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана куткаруу кызматтары келген.

Последние новости