www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов Кыргызстандын жерлерин басып алууга стратегиялык көп баскычтуу планы менен иш жасап жатат. Бул тууралуу Иляз Якупов билдирди.

«Көп баскычтуу планын ийгиликтүү ишке ашырууда. «Экспанция коркутуу менен» деген аталыштагы стратегия десек болот.

Стратегия төмөнкү негизги баскычтардан турат:

- Кыргызстандын жерлерине тереториялык претензия коюуга укуктук базаны чыңдоо:

Тажикистандын пайдасына ылайык карталарды, документтерди гана колдонуу (1924-29-административдик карта, 1989-ж комиссиянын протоколу ж.б), ошол документтерге негиздеме жасап протоколдорду даярдоо, түзүү, бизге таңулоо.

01.05.2021-ж, 14-17. 09. 2022-жылдары куралдуу кол салып, басым астында бизге таңуулоо менен номер 39-42-протоколго кол койдуруп укуктук негиздемеге жетишти.

- Кыргызстандын жерлерине тереториялык претензия коюп, ал жерлер Тажикистандын жери деп бүткүл дүйнөгө байма-бай жарыялап дүйнөлүк коомчулуктун кулагына сиңирүү, Кыргызстанга каршы маалыматтык диверсия жасоо:

Муну ийгиликтүү жасап жатат, БУУда Кыргызстанды агрессор деп жарыялап, Кыргызстан кол коюлган протоколдорду аткарбай абалды курчутат ж.б сөздөр.

- Куралдуу кол салып коркутуу жолу менен претензия койгон жерлерине тоскоолдуксуз кирүүгө, үзгүлтүксүз курал жарак, ок дары, азык-түлүк, дары дармек ж.б каражаттар менен тоскоолдуксуз камсыздоого шарт түзүү:

Ворухка кирип чыккан жолду көзөмөлдөгөн чек ара постторду алдырып салып, Ворух анклавына оор куралдарды жайгаштырып, Ворух элин курал таркатып чоң күч түзүп алган.

Чек ара постторун чек ара тозоту менен кошо алдыртып салып туш тараптан тоскоолдуксуз кирүүгө чыгууга шарт түзүү аракетин ийгиликтүү ишке ашырып жатат десем жаңылышпайм.

- Претензия койгон аймактарды өздөштүрүү, өздөштүрүүгө каршылыктарды жоюу.

2014-жылы чыр чыгарып Тамдык постунарды алгыла, болбосо агресивдүү тажик жарандары кол салат деп талап коюшкан. Бирок Кыргызстан макулдук берген эмес.

Анткени Тамдык постун алдыртып жайыттарга кирүүгө жол ачылат жана өздөштүрө баштайт. Ал жерлерди өздөштүрүүнүн бирден бир себеби Ак-Сай - Тамдык жолун салдырбоо.

Чек ара постторун жалпы чек ара тозоту менен алып салдыртуу бир эле учурда Ворухту анклавдан чыгарууга сойломо экспанция жосоого жол ачат.

Лейлек районунун Катта-Туз аймагындагы ири запастуу нефти-газ кендерин, түз кендерин өздөштүрүүгө жол ачылат, ошол жерлерге элдерди отурукташтыруу иштерин жасайт.

Мындай иштерге чек ара тозоттор, посттору жана тайманбас Баткен эли тоскоолдук берип келген. Тоскоолдуктарды жоюу аракетин ийгиликтүү жасоодо.

Претензия койгон жерлерди өздөштүрүүгө каршылык көрсөткөн кыргыз элдерин коркутуп, ал жерлерден сүрүп чыгуу аракетин да ийгиликтүү жасап жатат дегенге толук негиз бар. 2021-2022-жылдары куралдуу кол салып, чек ара постторун, чек ара тозотторун талкалап, тынч элге оор курал колдонуп, айылдарды, үйлөрдү, социалдык объектилерди биротоло талкалап элди көчүрүү аракетин жасаганы анык.

Бул стратегиялык кадамдарды баскычма-баскыч жасап отуруп Ворух аймагын анклавдан чыгаруу менен чектелбейт. Ворухтун анклавдан чыгаруу менен Лейлек районун анклавда кармоого жетишүү аракетин көрүп жатат. Тажиктер Ворухту анклавдан чыгарып, Лейлек районун анклавда кармоону максат кылып жатканы жана агып жаткан сууларды көзөмөлдөөгө жетишүүнү самап жаткандыктары ачык көрүнүп калды.

Ойлонуп, жети өлчөп иш кылгыла деп аталарыбыз бекеринен айтпаса керек. Эгер бүгүнкү күнү ойлонуп кадам таштабасак, эртең кул болуп калуу коркунуч бар экенин унутпасак!», - деп белгилеген Якупов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости