www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык ишкер Илон Масктын SpaceX компаниясынын Starship ракетасынын тогузунчу сыноосу да ийгиликсиз аяктаганын компания X соцтармактагы баракчасынан билдирди.
Ракета Москва убактысы боюнча 02:36да Техастагы Starbase космодромунан учурулган.
Маалымтака караганда, космостук кеме ийгиликтүү учурулгандан кийин суборбиталдык траекторияга чыккан, бирок жарым сааттан кийин ал көзөмөлсүз айлана баштаган.
Илон Маск X социалдык тармагында кеме инерция боюнча кыймылдап, атмосферага кайтып келе жаткан учурда негизги бактагы басымдын жоголушуна күйүүчү майдын агып чыгуусу себеп болгонун түшүндүрдү.
Ошол эле учурда ишкер кеменин кыймылдаткычын планга ылайык өчүрүлүшүн чоң прогресс деп атады. Ишкердин айтымында, Starship кемесинин сыноо ирээтиндеги кийинки үч учуруусу көбүрөөк болот – болжол менен үч-төрт жумада бир жолу.
Starshipтин январь жана март айларындагы мурунку сыноолору да ийгиликсиз аяктаган.
Март айында SpaceX компаниясы өзүнүн Starship космостук кемесинин прототибин сегизинчи жолу сыноо учурунда “жоготуп” алганын билдирген. Кеме учурулгандан кийин болжол менен 10 мүнөттөн кийин болжол менен 150 км бийиктикте ракетадан бөлүнгөндөн көп өтпөй башаламан айланып, андан жалын-учкундар чыгып, андан соң байланыш үзүлгөн.
15-мартта Илон Маск 2026-жылдын аягында гуманоид роботу “Optimus” менен Starship кемесин Марска учураарын жарыялаган. Анын айтымында, эгер робот менен Марска учуу ийгиликтүү болсо, анда адамдары бар кемелер 2029-жылы жөнөтүлүшү мүмкүн. Ишкердин негизги максаты – 20 жылдан кийин Марста өзүн-өзү камсыз кылуучу шаарды түзүү.
Булак: "eurasiatoday.ru"