www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков "Белизгейт" чыры боюнча эч кандай отставкага кетпээрин өзүнүн интернет баракчасы аркылуу билдирди. Ал өз пикирин төмөндөгүдөй калтырган:

Бул суроого жооп бербесем, кызыкдар тараптар апыртып-көбүртүп салчудай болуп турат.

Аргумент деген сайт бар экен, аны билбептирмин, бүгүн билдим мындай сайт бар экенин. Бул сайт менин парламентте сүйлөгөн сөзүмдү чыгарып, анын темасын "Илим Карыпбеков, КТРКнын жетекчиси: "Эгерде "Белизгейт" далилденбей калса кызматтан кетем,..." деп кызылдай калпты чыгарып коюптур. Бул шилтемени мени "сүйгөн" Байсалов Эдил деген жигит (айрымдары жигит эмес дешет экен, анысын далилдей албайт экенмин, мен үчүн расмий жигит эле бойдон) айгайлап твиттерде жарыялап жатат, ураа Карыпбеков кетмей болду деп.

Келиңиздер эми бул сайттын сөздү бурмалап, маанисин тескери кылып койгондун далилин бирге көрөлү. Видеону ачып, стенограммасын карайлы.

Каныбек Капашевичтин суроосу: "Акыркы суроом, Эгерде Текебаевдин, Шыкмаматовдун, Салянованын акциялары далилденбесе сиз кызматтан кетүүгө даярсызбы?"

Менин жообум: "Укук коргоо органдарынын алдында дагы, саясий дагы, моралдык дагы жоопкерчилик менин мойнумда турат. Урматтуу депутаттар, бул боюнча айтылып атпайбы жооп береби жооп бербейби деп? Жоопкерчилик менде турат. Каныбек Капашевич дагы сурап атпайбы кетесиңби кызматтан деп? Мыйзамда көрсөтүлгөн шарттарга ылайыгы келип калса албетте кетем. Мен бул жерге келгенде түшүнгөм да, билгем, ар бир сөзгө, мен ошону текшердимби, текшербедимби мени ошол жерге ишенип жооптуу кишилер койгондон кийин, мен жоопкерчиликти мойнум менен тартам, өзүмдүн керт башым менен тартам".

Урматтуу Аргумент сайты, урматту Байсалов мырза, урматтуу достор!

Мен дагы деле айтам, буга чеийин дагы айтып келгем, мен жоопкерчиликтен качпайм жана эчким мыйзам алдында жоопкерчиликтен кааласа дагы кача албайт. КТРКдан кеткен эфирдин ар бир секундуна, ар бир сөзүнө, маалыматына юридикалык, моралдык, саясый жоопкерчиликти алам. Каалабасам дагы алам. Видеодо айткандай, мыйзамда көрсөтүлгөн шарттарга ылайыгы келсе албетте кетем. Коомдук телерадиокорпорация жөнүндө мыйзамда так көрсөтүлүп турат менин кайсыл учурларда КТРКнын башкы деректирлик кызматынан кетеримдин шарттары, ошол шарттардын ылайыгы келип калса дароо эле кетем.

Ал эми мамлекеттик орган бүгүн бирөөлөрдүн акциялары бар деп айтып, ал эми бир жылдан кийин жок, андай эмес экен, акциялары жок экен деп эки башка маалыматты биз аркылуу таркаткандыгы үчүн КТРКнын башкы деректири кетсин деген шарт жок. Ал эмес "Журналисттин кесиптик иши жөнүндө" жана "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамдарында так көрсөтүлүп турат: "Эгерде расмий мамлекеттик органдар жана жергилктүү өз алдынча башкаруу органдары такталбаган маалыматты ЖМК аркылуу таркатса ЖМК жоопкерчиликтен бошотулат" деп.

"Белизгейт" маселесин КТРК жана Карыпбеков ойлоп чыгарган эмес, биз расмий мамлекеттик органдар жана жооптуу кызматта отурган адамдардын билдирүүлөрүн таратабыз. Эми он жылдан кийин дагы бир адамдар жоопту кызматка мамлекеттик органды жетектеп келип жок, бир адамдардын акциялары чын эле бар экен деп чыгышса, кайра КТРКнын деректири күнөөлүү болобу?

Ошондуктан, урматтуу өйдөдө айтып кеткен, мени абдан "сүйүп" күндөп-түндөп уктай албай жүргөн досторума сабырдуулук, чыдамдык каалайм. Ушунча чыдап келе жатасыздар, дагы бир аз чыдап коюңуздар эми.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости