www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн социалдык баракчасынан афроамерикалык Жорж Флойддун элесине арналган митинг тууралуу пикирин билдирди.

“Бүгүн Бишкекте Жорж Флойддун кара...ой жаркын элесине арналган митинг өтүптүр. Ошо, анан мен дагы ушинтип тилектештигимди билдирип коёюн деп чечтим. Негизи “жакшы киши болчу” деп элдин баары айтып жатышат. Ушу жакында АКШда бөөдө кырсыктан каза болуп калбаганда, Кыргызстанды бир топ эле оңдоп салмак деп айтып жатышат калың журт.

Мени баарынан эле жанагы Флойддун алтын гробу эле уктатпайт акыркы күндөрү. Ошонун капкагын эле алсам, жанагы Миннеаполис шаарынын мэринен ашып өңгүрөп бермекмин, алтын капкакты кармап алып, анан Флойд достун кара...ой жаркын ишин Кыргызстанда деле улантат элем жакшы эле ыйолкиники десе”, - деп Илим Карыпбеков пикири менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте афроамерикалык Жордж Флойдду колдоо митинги болуп, ага бир киши келди. Активист Денис Горький атындагы эс алуу багына акцияга чыгып, өзүнүн жарандык позициясын билдирди.

“Мен бул жерге жеке адам катары келип, өз позициямды айттым. Бирок көрүп турганыңардай менден башка эч ким митингге келген жок. Мамлекет тарабынан зомбулук эч бир өлкөдө-Америкада дагы, Кыргызстанда дагы болбошу керек деп эсептейм”,- деди ал.

Болбой калган митингди  үч милиция кызматкери көзөмөлдөп турган.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, уюштуруучулар коопсуздук жана провокацияга алдырып жибербөө үчүн митингди болтурбоону чечишкен.

Эске сала кетсек, 25-майда Миннеаполисте (АКШ) полиция кызматкери Дерек Шовин 46 жаштагы кара терилүү Жордж Флойдду колго алуу учурунда жерге жаткырып, 8 мүнөттөн ашык тизеси менен мойнун басып турган. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон. Ал эми окуяны күбөлөр видеотасмага тартып алышып, аны көргөн тургундардын арасында нааразычылыктардын, толкундоолордун келип чыгышына себеп болгон. Толкундоо Американын ондогон штаттарынан сырткары Улуу Британия, Франция жана башка өлкөлөргө да тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости