www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бозымчак» кенин иштеткен компаниянын директору үй камагына чыгарылды.

«КАZ Minerals Bozymchak» компаниясынын башкы дирек­тору Ильяс Тулекеев 27-майда тергөө абагынан бошотулду. Мындай чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды. Тулекеевдин буга чейин соттолбогондугу эске алынып, ал «КАZ Minerals Bozymchak» компаниясынын 55 миллион сом салык кызматына төлөп берүү боюнча кепилдик каттын негизинде бошотулду. Ишти тергеөнүн калган бөлүгүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жүргүзөт.

Эске салсак, 2б-майда УКМК Түлекеевди камакка алган. Ал Жалал-Абад олусунун Ала-Бука районунда жайгашкан “Бо­зымчак” алтын-жез өндүрүүчү кенди иштеткен компанияны башкарат. “Бозымчак” кенинде 42 тоннадан ашык алтынды, 250 тоннадан ашык жездин запасы бар. Аталган компа­ния Кыргызстанда 2007-жылы «Казахмыс Голд Кыргызстан» деген аталыш менен иштей баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости