www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышкан жок. Президенттин администрациясы анын келбей калышын иш графигинин тыгыздыгы менен түшүндүрдү.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Алиев саммитке чакырылганын, бирок анын катышпай турганы иш-чарага аз калганда белгилүү болгонун айтты.

Илхам Алиев бул саммитке акыркы жолу 2023-жылы катышкан. Былтыр ал КМШ жыйынына бара жатып, Баку–Грозный багытындагы жүргүнчү учагы Орусиянын аймагында кырсыкка кабылганы тууралуу маалыматтан кийин жолдон кайтып кеткен.

Кырсык 2024-жылдын 25-декабрында болгон. Бакудан Грозныйга учкан учак чечен борборуна коно албай, деңиздин аркы жээгиндеги Казакстандын Актау шаарына багыт алган учурда шаардын жанында кулаган. Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, жабыркагандардын арасында Кыргызстандын үч жараны да бар экени кабарланган.

Октябрь айынын башында Орусия президенти Владимир Путин Алиев менен жолугушууда кырсыкка байланыштуу Москва жоопкер экенин мойнуна алган. Путин окуя Орусиянын аба мейкиндигинде болгону үчүн Алиевден кечирим сураган.

Бул окуялардан кийин Баку менен Москванын ортосундагы мамиле кескин салкындап, Алиевдин КМШ саммитине катышпай калышы ошол чыңалуунун уландысы катары бааланууда.

Последние новости