www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана аларды легалдаштыруу боюнча мыйзамсыз аракеттери токтотулду.

2026-жылдын 17-апрелинде П.М. аттуу бөлүм башчысы жана А.А. аттуу ыкчам кызматкер кармалды. Алар Россия Федерациясынын жаранынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча иште жазаны жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 9 млн рубль (100 миң АКШ доллары өлчөмүндө) талап кылышкан.

Аныкталгандай, кармалгандар жашыруун аракеттенүү жана түз далилдерди болтурбоо максатында пара алуунун аралыктан ишке ашырылган схемасын иштеп чыгышкан.     Кармалган жарандын үй-бүлөсү мүлкүн сатып тапкан акча каражаттарын Россия Федерациясынан бөлүп-бөлүп, атайын коюлган адамдардын атына катталган жана БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан берилген «Сбербанк» банктык карталарына которуп турушкан.

Андан кийин акча каражаттарын накталайга айландыруу жана Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдаштыруу үчүн үчүнчү жактар да тартылган. Бул ыкма кызмат адамдарына каржылык операцияларга өздөрүнүн тиешеси бар экенин жашырууга мүмкүндүк берген.

Кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
 

Последние новости