www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги ИИМдин башкы бухгалтери Кульшаир Омурбековна Кокоеванын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине көңүл айтты.

Кульшаир Кокоева 35 жылдан ашуун убакыт бою ички иштер органдарынын системасында эмгектенген.

Ал финансист жана бухгалтер кызматтарынан баштап, башкы бухгалтерлик кызматка чейин татыктуу кесиптик жолду басып өткөн.

Ал 2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын ИИМинин башкы бухгалтери кызматын аркалап келген.

Министрликтин маалыматына караганда, Кульшаир Кокоева жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу жана кесипкөйлүгү жогору адис катары эмгектенген.

ИИМ маркумдун жаркын элеси жакындарынын, туугандарынын жана кесиптештеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталарына ишеним билдирип, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Последние новости