www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үй-бүлөлүк зомбулук - бул чыр-чатак же жеке маселе эмес, бул үй-бүлөнү бузган олуттуу көйгөй экенин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет.
Министрлик жарандарды үй-бүлө ичиндеги ар кандай зомбулукка кайдыгер карабоого чакырат. Мындай көрүнүштөр көп учурда олуттуу кесепеттерге алып келип, аялдардын, балдардын жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратат.
Зомбулуктун алдын алуу максатында ички иштер органдары тарабынан профилактикалык иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Анын алкагында жарандар менен түшүндүрүү иштери уюштурулуп, мыйзам талаптары жана жоопкерчилик тууралуу маалыматтар берилүүдө.
Эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жатса, дароо жакынкы милиция бөлүмүнө же кыска 102 номуруна кайрылууңуз зарыл. Ар бир кайрылуу сөзсүз түрдө каралып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.