www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан, 2019-жылдын 1-январынан баштап “Бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутуму ишке киргизилген. 

Бузууларды бирдиктүү реестри (ББР) - катталган бузуулар жана аларды жасаган жактар, ошондой эле аларга карата колдонулган жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо үчүн багытталган автоматташтырылган маалыматтык тутум.

Ушунун негизинде, 29 мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында “Бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутуму ишке киргизилген.  Аталган тутум  административдик материалдарга, алар боюнча кабыл алынган чечимдер, андан сырткары төлөнгөн айып пулдардын статусу боюнча борборлоштурулган маалыматтык мейкиндикти түзүү үчүн арналган. 

Система-интегратор аркылуу автоматташтырылган маалыматтык тутумдун программасы ИИОдо каралган административдик    иштер боюнча айып пулдардын төлөмүн  каттоону киргизүүгө мүмкүндүк берет жана төлөмдү көзөмөлдөөгө дагы болот.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн тутумга банктык мекемелер менен “Кыргыз почтасы” төлөм тутуму кошулган.
2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз  Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан “Бузуулардын бирдиктүү реестри” тутумуна 205603 бузуулар катталса, анын ичинен эскертүү - 8577, жалпысынан 197026 бузууларга жаза чаралары колдонулган, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости