www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сирияда аскердик оппозиция менен режимге каршы топтордун текшерүүсү астындагы Идлиб облусунун борборунда бомба жүктөлгөн эки унаанын бири биринин артынан жардырылышы менен 13 жаран каза болуп, 50 жаран жараланды.
Идлиб шаар борборунун эл көп болгон проспектилеринен Кусурда бири биринин артынан бомба жүктөлгөн эки унаа жардырылды.
Идлиб жарандык коргоо директору Мустафа Хаж Юсуф : «Түшкү сааттардан кийин биринчи жардыруу Кусур проспектисинде болду. Окуя болгон жерге келген Жарандык коргоо ыктыярдуулар турган жерде экинчи жардыруу болду»,- деди.
Хаж Юсуф : «Эки жарылууда 13 жаран каза болду. 50 жаран жараланды. Каза болгондордун арасында 3 Жарандык коргоо кызматкери бар»,- деди.
Эки унаа жардырылган жердеги имараттар менен дүкөндөрдүн зыян тарткандыгын белгилеген Юсуф өрттөрдүн Жарандык коргоо топтору тарабынан өчүрүлгөндүгүн белгиледи. Бир тараптан окуяда жаралангандардын арасында Чыгыш Гутадан көчүүгө мажбур болгон 4 журналисттинда бар экендиги билдирилди.
Булак: "trt.net.tr"