www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылуу мезгилдин келиши менен балдардын терезеден кулап кетүү коркунучу жогорулайт. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну өтүнөт.

Ички иштер министрлигинин негизги сунуштары:

-балдарды ачык терезеси бар бөлмөдө кароосуз калтырбаңыздар;
-терезелерге атайын кармоочу же чектөөчү каражаттарды орнотуңуздар;
-баланын өз алдынча терезе текчесине чыгып кетишине жол бербөө үчүн эмеректерди терезеге жакын жайгаштырбаңыздар;
-балдарга ачык терезенин кооптуу экенин дайыма түшүндүрүп туруңуздар.

Мындан тышкары, практика көрсөткөндөй, москиттик торлор коопсуздук боюнча жалган ишеним жаратат. Алар баланын салмагын көтөрүүгө ылайыкташтырылган эмес жана кулап кетүүнү алдын албайт. Мындай торго таянган бала оңой эле терезеден кулап кетиши мүмкүн.

Эсиңизде болсун: балдардын коопсуздугу - чоңдордун жоопкерчилиги. Кыска убакытка болсо да көзөмөлсүз калтыруу кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга жана кырсыктардын алдын алуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө чакырат.

 

Последние новости